super.kg logo

Ысык-Көлдө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун тегирмени ишке кирди

 

Бүгүн, 30-ноябрда Каракол шаарында Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна караштуу тегирмендин ачылышы өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1-2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын да камсыздай алат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай данын кабыл алууну жүзөгө ашырып, мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөөдө.

"Келечекте бул тегирмендин аймагына кампаларды куруу каралууда жана азык-түлүк буудай данын жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк болору күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: