super.kg logo

Ала-Букада шарты катаал айылдарга мектеп окуучулары үчүн автобустар берилди

 

Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу М.Турсунбеков жана Р.Исаков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептерине автобустар тапшырылды. Бул тууралуу Ала-Бука райондук администрициядан билдиришти.

Район акими бул транспорт окуучулардын мектепке коопсуз барып келүүсүн камсыздап, сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзөрүн белгилеген. Ошондой эле ал мындай шартты түзүп берген өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирген.

Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан берилген мектеп автобустарына тажрыйбалуу айдоочулар бекитилип, окуучуларды ташуу жолго коюлат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн алыскы райондоруна жалпы 100 даана мектеп автобустары бөлүнгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда мектеп автобусун күткөн балдардын сүйүнүп жаткан видеосу тараган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: