Садыр Жапаров судья Марат Сыдыковдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабылдаган жок
Президент Садыр Жапаров Марат Сыдыковду Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьялык кызматынан бошотуу боюнча Соттор кеңешинин сунушун четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
Буга чейин Марат Сыдыков кызматтан кетүү тууралуу арызын Соттор кеңешине тапшырган. Кеңеш анын өтүнүчүн канааттандырып, чечимди бекитүү үчүн президентке жөнөткөн.
Ага байланыштуу, Марат Сыдыков судьялык кызматын улантууда.
Эске салсак, буга чейин Кемпир-Абад боюнча ишти алып барган судья Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазып чыккан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

