АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүктү токтотту
АКШнын Мамлекеттик департаменти Грузия менен стратегиялык өнөктөштүктүн токтотулгандыгын жарыялады.
Департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллердин айтымында, бул Тбилисинин евроинтеграция процессин токтотушу жана демонстранттарга күч колдонуусу менен байланыштуу.
"Грузин кыялы партиясынын антидемократиялык иш-аракеттери жалпы баалуулуктарга жана демократияга берилгендикке негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн негизги принциптерин бузат", - деди Миллер.
Ал ошондой эле демонстранттарга күч колдонууну айыптап, тынч демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.