Өзбекстанда орусиялык журналист кармалды
Белгилүү орусиялык журналист Алексей Пивоваров жана анын тартуу тобу кечээ, 1-декабрда Өзбекстандагы Нукус шаарында кармалды. Бул тууралуу орус телеграм каналдары жазышты.
Анын тартуу тобунан укук коргоо кызматкерлери Каракалпакстанда тартылган материалын алып коюшкан. Кармалууга шаар тургунунун орус журналисти жана анын командасына жазган арызы себеп болгон.
Орусиянын Өзбекстандагы элчилиги Алексей Пивоваровдун кармалышы боюнча билдирүү жасады.
"Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен байланышты. Биз орусиялык жарандарга керектүү колдоо көрсөтөбүз", - деп айтылат элчиликтин телеграм каналында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.