Кытайда жапайы каман 76 жаштагы аялды өлтүрдү
Кытайдын Анканг шаарына жакын жайгашкан айылдардын биринде жапайы каман 76 жаштагы аялга кол салып, ал алган жаракатынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жапайы камандар талаадагы эгиндерге зыян келтирип жаткандыктан жергиликтүү тургундар аларга аңчылык кыла башташкан. Аңчы иттерден качкан жапайы камандардын бири жергиликтүү тургундун үйүнүн короосуна качып кирип, улгайган аялга кол салган. Натыйжада кыйтайлык жаран алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми каманды артынан кууп келген мергенчилер өлтүргөн.
Окуядан кийин жергиликтүү бийлик аймактагы бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоону убада кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.