super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач төрага тажрыйбалуу элчи катары кыргыз-кытай кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн Ду Дэвэнге ыраазычылык билдирди. Жолугушууда экономикалык байланыштар тууралуу сөз болуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатындагы аракеттер талкууланды.

“Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш өлкө катары калыптанган алакаларды дагы өнүктүрүп, жетишилген келишимдерди мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз. Албетте, мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң", – деди Шакиев.

Ал эми Ду Дэвэнь Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылган иштер жана долбоорлор тууралуу сөз кылып, мамлекеттер аралык мамилелерде парламенттин ролу чоң экенине токтолду.

Эскерте кетсек, Ду Дэвэнь 2019-жылдын март айында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: