super.kg logo

УКМК Ош мэриясында иштеген дагы бир чиновникти кармады

 

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы П.А.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.нын пайдасына “Туран” кичи районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 2,2 гектар айылдын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын ММБнын башчысы П.А.А., Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө учурунда, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.

"Кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы П.А.А. кармалып, ыкчам тергөө иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2024. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир эки кундон кийин чыгарбадынар да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: