super.kg logo

Гвинеяда футбол оюнунан кийин болгон массалык мушташтан 100гө жакын адам каза болду (видео)

 

Гвинеянын түштүк-чыгышындагы Нзерекор шаарында футбол мелдешинен кийин күйөрмандар арасында массалык мушташы чыгып, ондогон адамдар каза тапты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя калыстын талаштуу чечиминен кийин орун алган. Анда калыс аталган шаардын футбол клубуна кызыл айып кагазын көрсөтүп, атаандаштарына пенальти дайындап койгон. Ага макул болбогон күйөрмандар оюн талаасына чыгып мушташа кетишкен.

Башаламанды уюштургандарды арачалоону полиция кызматы колго алып, көздөн жаш агызуучу газды колдонгон. Анын негизинде стадиондон качып чыгып жаткандардын айрымдары тебелендиде калып каза тапса, айрымдары дубалдан секирип жатып кырсыкка учураган.

Басылмаларда белгиленгендей, каза болгондордун так саны айтыла элек, бирок болжолдуу саны 100гө жакын экендиги маалымдалды. Учурда мейитканалар толуп, айрымдарды таануу кыйынга учурап жаткандыгы кошумчаланган.






Гвинеядагы массалык мушташ.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: