super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров мэрди ээрчитип Бишкектеги жаңы курулуштарды текшерүүгө алды 

 

Бүгү, 2-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал алгач "Алга" спорт комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү. Ошондой эле аймакта футболдук аянтча, эки машыгуучу аянтча, трибуналар жана башка инфраструктураларга барды.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында болуп, сатып алынган жаңы атайын техникаларды көрүп чыкты. Ошондой эле "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында суткасына 3000 тоннага чейин таштанды чыгаруучу станция куруп, электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 95 миллион долларды түзөт. Заводдун курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төрага курулуш иштеринин сапатына жана өз убагында бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: