"Аль-Наср" клубу Криштиану Роналдусуз Азия чемпиондор лигасында жеңилүү ызасын тартты
Сауд Аравиянын "Аль-Наср" футбол клубу Азия чемпиондор лигасында катарлык "Аль-Садд" клубуна утулуп калды.
"Аль-Наср" өз үйүндө катарлык "Аль-Саддга" 1:2 эсебинде утулуп калган. Эсепти биринчилерден болуп коноктор ачышса, андан соң катарлыктар өз дарбазасына автогол киргизип алышкан. Бирок катарлык клубдун оюнчусу пенальтиден гол киргизип эсепти өзгөрткөн. Бул беттешке Криштиану Роналду катышкан эмес.
Ошентип "Аль-Наср" Азия чемпиондор лигасынын учурдагы сезонундагы алгачкы жеңилүү ызасын тартышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.