super.kg logo
  Спорт  

Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев кайрадан Сауд Арабияда беттешмей болушту

 

Сауд Арабиянын Спортту өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Турки Аль аль-Шейх орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реваншынын датасын жарыялады.

Беттеш 22-февралда Эр-Риядда өтөт.

Эскерте кетсек, Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосундагы биринчи беттеш 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Эр-Риядда өткөн. Анда калыстардын чечими менен Артур Бетербиев жеңишке жеткен (114-114, 115-113, 116-112).

Муну менен Бетербиев 21 беттеште жеңишке жетип, жеңилбеген мушкер бойдон калууда. Ал эми Дмитрий Бивол карьерасындагы биринчи жеңилүүгө учураган. Буга чейин ал 23 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен (12си нокаут менен).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: