Жогорку Кеңештин комитети БУУнун атын Ысык-Көлдөгү чокуга ыйгарууну экинчи окууда жактырды (видео)
Бүгүн, 3-декбарь Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Ысык-Көл облусунда жайкашкан чокуну Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Аталган чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Эске салсак, 2-июлда Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылгандыгы тууралуу сертификат тапшырган.
Ысык-Көлдөгү чокуну "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деп атоо пландалууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

