Индия 2036-жылга чейин өзүнүн биринчи атомдук кемесин жасап чыгарын жарыялады
Индия 2036-жылга чейин өзүнүн суу астындагы атомдук кемесин жасап бүтөт. Бул тууралуу Индиянын деңиз флотунун командачысы, адмирал Динеш Трипати билдиргенин ТААС агенттиги жазды.
Анын айтымында, Индиянын Аскер-деңиз флоту үчүн суу астында жүрүүчү атомдук кемени даярдоо программасы өкмөт тарабынан бекитилген.
"Бул суу астындагы кемелер Аскер-деңиз флотунун мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө жогорулатат жана улуттук кызыкчылыктарды коргоодо өзүнүн күчүн көрсөтөт", - деген ал.
Адмирал Индиянын суу астындагы флоту Инд океанынын аймагындагы Кытай менен Пакистандын өсүп жаткан деңиз күчтөрүнө каршы салмак катары кызмат кыларын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.