super.kg logo

Сузактагы окуядан кийин министр ата-энелерден кечирим сурады

 

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде болгон окуя боюнча үн катты. Окуя тууралуу пикирин министр социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда Кендирбаева тарбиячынын балага жасаган мамилесин кескин сынга алып, ата-энелерден кечирим сураган.

"Учурда бул иш укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан каралып жаткандыгын билдирем. Балага зомбулук жасаган тарбиячы мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам! Ал эми ошол тарбиячынын кандай экенин билбей иштеткени жана мекемеде наристеге зордук көрсөтүүгө орун бергени үчүн бала бакчанын башчысы да кызматтан кетет", - деген министр.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерди чаап, уруп жатканы боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган.
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы аталган факты 2-декабрда каттоого алынганын айтып, териштүү иштери жүрө турганын билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынарын билдирген.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: