super.kg logo

Ошто милиция кыргыз желегин унаадагы жыгачка байлап алган жаранды кармады (видео)

 

Кыргызстандын туусун унаага жүктөлгөн жыгачка белги катары байлап койгон жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Видео социалдык тармактарда тараган. Анда Лабо үлгүсүндөгө унаанын айдоочусу унаасына жыгач жүктөп, артына мамлекеттин символу болгон тууну коопсуздук үчүн байлап койгону көрүнгөн.

Бул факты боюнча Ош шаардык кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, тийиштүү чара көрүү үчүн Ак-Буура РИИБине жеткирилди.

Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.






Ошто кыргыз желегин унаадагы жыгачка байлап алган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: