super.kg logo

УКМК Ак үйдүн жанындагы жер мамлекетке алынганын билдирди (фото)

 

Бишкектин чок ортосундагы Панфилов сейил багында жайгашкан “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 гектар болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

"Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга мыйзамсыз жер тилкесин алып чыгуу боюнча коррупциялык схеманы айрым жогорку даражалуу аткаминерлер уюштургандыгы такталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 миллион 900 миң сомду түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

Көрүлгөн чаралар менен соттун чечимине ылайык, жогоруда спорт комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: