super.kg logo
  Саясат  

Депутат Даун синдрому бар балдарды мектеп окуучуларына кошуп окутууну сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 3-декбрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Даун синдрому менен ооруган балдарды орто мектептерде окутууну сунуштады.

Эл өкүлү андай балдар баарлашууга муктаж экенин белгилеп, кадимки балдар менен кошуп окутуу керектигин айтты.

"Бул азыр өтө орчундуу маселе. Бизде Даун менен ооруган балдарды мектепке кабыл алышпайт. Алардын акылы жайында, бирок андай балдарды эч бир мектеп окутпайт. Бул деген Кудайдын бергени да, ал балдар өтө акылдуу. Аларды кадимки балдар менен аралаштырып окутуу керек. Биз болсо аларды четте калтырып коёт экенбиз. Андай балдарга сүйлөшүү жетишпейт экен, эгер аларды мектептерде балдарга кошуп окутсак, эч кимиси артта калбайт, кадимки балдардай эле өздөштүрөт", - деди депутат.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева азыркы учурда андай балдарды кошуп окутууга шарттар түзүлө элек экенин жана уруксат жоктугун билдирди.

"Учурда дарыгерлер инклюзивдик билим берүү программасын иштеп чыгууда. Бирок бүгүнкү күндө аларды кадимки мектептерде окутууга уруксат жок. Себеби мектептерде баланын саны көп, ал эми Даун синдрому бар балдар өзгөчө мамилени талап кылат, мындан улам учурда уруксат жок", - дейт Рахат Мусаева.

Мусаеванын айтымында, учурда Бишкекте билим берүү мекемелеринде Даун синдрому жана аутизм менен ооруган 96 бала билим алат.






Бактыбек Сыдыков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: