super.kg logo

Бишкектеги "Орто-Сай" жана "Аламүдүн" базарлары текшерилди

 
Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев орун басарлары, район акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарларынын маселеси боюнча мурда берилген иштердин жүрүшүн текшерди. Бул туурасында мэриядан билдирди.
Алгач Жукеев-Пудовкин жана Безымянная көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын аймагы текшерилип, курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.
Андан соң «Аламүдүн» базарын текшерип, аялдамадагы мыйзам бузууларды жоюу, ошондой эле базардын жанындагы тротуарды оңдоо боюнча тапшырмалар берилди. Бул жерде сейил бактын аймагында унаа токтотуучу жайлар уюштурулган, муниципалдык инспекцияга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, белгиленген тартипте чараларды көрүү тапшырылды.
Калаа башчысы бардык аймактарда мыйзамсыз токтотулган унааларды эвакуациялоо иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өрт коопсуздугу, санитардык нормалар, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу боюнча катуу талаптар коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: