ИИМ: Кызын сабаган атаны Майлуу-Суу шаардык милициясы камакка алды
Кызын чыбык менен ур-токмокко алган ата кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Майлуу-Суу шаардык милицияга 1988-жылы туулган О.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 14-ноябрда жолдошу эч бир себепсиз уруп үйүнөн кууп чыгып, ал чоң кызы менен кеткенин айткан. Ал арада жолдошу 2019-жылы туулган М.Ж. аттуу кызын токмоктоп, аны видеого тартып, аялын үйгө келүүнү буйруганын билдирген.
Бул факты боюнча Ноокен райондук милициясы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Натыйжада 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран камакка алынган.
Аталган окуя боюнча аялга жана балдарга соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.