super.kg logo

Конгодо белгисиз оорудан 140тан ашуун адам каза болду

 

Өткөн ноябрда Конгонун түштүк-батыш провинциясында белгисиз оорудан 143 адам каза болгон. Учурда медициналык топтор иштеп, илдетти жуктургандарга жардам көрсөтүлүп жаткандыгын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бейтаптар сасык тумоого окшош симптомдорду, анын ичинде жогорку температура жана катуу баш ооруну байкап жатышат. Жергиликтүү эпидемиологдун айтымында, ооруга биринчи кезекте аялдар жана балдар кабылышат. Оору жуктургандардын саны өсүүдө. Панци ооруканасына үлгүлөрдү алуу, анализ жүргүзүү жана ооруну аныктоо үчүн медициналык топ жөнөтүлгөн.

Конгонун бийликтери Квангодо белгисиз оорунун пайда болгону тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна буга чейин кабарлаган. ДСУнун өкүлү уюм Конгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги менен көбүрөөк изилдөө жүргүзүү үчүн иштеп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: