super.kg logo

Массалык отставкалар. Кореянын оппозициясы президентке импичмент жарыялоону талап кылат

 

Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айткан. Бул тууралуу Yonhap билдирди.

Белгилей кетсек, оппозициялык партия парламентте көпчүлүктү түзөт. Документте президент "согуштук абалды жарыялоо боюнча эч кандай талаптарды аткарбаганын" эске алуу менен, аскердик абалды жарыялоо Конституцияны бузуу болуп саналат деп айтылат.

"Бул олуттуу козголоң актысы жана импичмент жарыялоо үчүн жүйөлүү себеп. Президент Юн дароо жана өз ыктыяры менен отставкага кетиши керек. Ал тез арада отставкага кетпесе, биз дароо эле элдин эркине ылайык импичмент процессин баштайбыз", - деп айтылат оппозициялык партиянын билдирүсүндө.

Өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу президенттик аппараттын жетекчиси Чунг Жин Сок, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шин Вон Сик, саясий штабдын башчысы Сун Тхэ Юн жана башка жети улук жардамчысы кызматтан кетишти.

Ал эми Түштүк Кореянын Демократиялык профсоюздар улуттук федерациясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёл кызматтан кеткенге чейин созула турган мөөнөтсүз жалпы иш таштоо жарыялады.

Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: