super.kg logo
  Саясат  

"Министрлердин башы иштейби?" Балбак Түлөбаев өкмөттү сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттү сынга алды. Эл өкүлү салыктар көбөйүп жатканын белгилеп, президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө нааразы болду.

"Акыркы убакта өкмөт бир кызыктай абалга баратасыңар. "Жаңы салык киргизбейбиз, салыктарды мурунку боюнча эле чогулутуп жатабыз" деп коюп, салыктарды көбөйтө баштадыңар. Тиги салык, бул салык деп эле, Салык кодексин өйдөлөтүп баратасыңар, Бул өкмөт элдин өкмөтүбү? Жакшы баратып эле аягында баарын бузуп аласыңар да", - деди ал.

Эл өкүлү өкмөт курулуш тармагына 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизгени жатканын айтып, аны кескин сынга алды. Ошондой эле ал жаңы курулган бала бакчаларда тарбиячылар жетишсиз экенин белгиледи.

"Тарбиячысы жок болгондон кийин бала бакчаны салып эмне кыласыңар? Ошолорду караган министрлердин башы иштейби? Пландоо деген барбы? Эми кичине иштеш керек да", - деди Түлөбаев.






Жогорку Кеңеш 04.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: