super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев ишкерлер ККМ чекти каттоодон өткөрө албай жатканын айтты 

 

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Бекешев ККМ чекти мамлекет каттоодон өткөрүү керектигин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ККМ чекти жеке менчик компания каттоодон өткөргөндүктөн ишкерлер каттай албай убара тартып жатат.

"Учурда каттоодон өткөрүү ишин жеке менчик компания аткарып жатат. Тилекке каршы, көйгөйлөр бар. Бизде ишкерлер жаңы ККМди алып, салыкты төлөйбүз деп жатышат, бирок аны каттоодон өткөрө алышпайт. ККМ өчүп, иштебей жатат. Же салык төлөй албайсың, же ошол ККМди каттоодон өткөрө албайсың. Эртең салык кызматы келет, "Эмне үчүн ККМди иштетпей жатасың?" деп, аны иштетейин десең каттоодон өтпөйт. Себеби менчик компания арыздарды карабайт экен. Мамлекет телефондорду, ККМди жана башкаларды өзү эле каттоодон өткөрсүнчү. Жеке менчик компаниялардын дареги кайда? "крышасы ким?" билбейбиз, аларды табуу дагы кыйын. Ишкерлер бул нерсеге нааразы болуп жатат. Кимди күнөөлөш керек бул жерде?" - деди депутат Бекешев.






Жогорку Кеңеш (04.12.24)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: