super.kg logo

Ошто фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 4-декабрда Ош шаарынын Орке айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, социалдык имарат менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, мурунку ФАПтын имараты авариялык абалда болгодугуна байланыштуу 2023-жылы жеке жарандын үйүнө көчүрүлүп, иштеп келген.

"ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, төрт ай ичинде толугу менен аягына чыкты. Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологдун, терапевттин бөлмөлөрү, откана бар", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: