super.kg logo
  Саясат  

"Эч ким бийлик талашкан жок". Камила Талиева ишкер айымдарга колдоо болуш керектигин айтты 

 

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Камила Талиева мыйзам ишкер айымдарга бир аз колдоо көрсөтүү максатында сунушталганын айтты.

"Кыргызстан боюнча аялдар чогулган жерде "бул мыйзамды биздин төрага өзү колдоп жатат" деп, жылуу пикир айтып келдим эле. Бүгүн бир аз калпычы болгондой болуп калдым. Статистика боюнча үй жумуштарынын 97 пайызын аялдар аткарат. Анан ишкерликке келгенде эле же мамлекеттен, же банктан кредит ала албайт. Буларга бир аз каржы жагынан жардам берели деген эле ой. Айланайын эркектер, силерден эч ким бийлик талашкан жок. Аман болгула, андай көз караштан кетели. Кордолгон аял, зордолгон аял, баласы менен көчөдө калган аял болуп жатат. Мамлекеттик деңгээлде ишкерликте аялдар 1-2 пайыз эле экен, ошолорду колдойлу деген максатта эле жазылган", - деди Талиева.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аталган мыйзамга "макул" деп добуш бергенин билдирди.

"Кыргызстандагы бардык ишкер аялдарга даңк жана дүңк! Мен колдоп добуш бердим", - деди ал.

Төрага анын алдында шайлоодо да гендердик теңчилик маселесин караш керектигин айткан.






Камила Талиева ишкер айымдарга колдоо болуш керектигин айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: