"Мен ичпейм да, только чегем". "Тез жардамды" өткөрбөй койгон айдоочу кайгуул кызматкерлери менен чырдашты (видео)
Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жараткан айдоочунун милиция кызматкерлери менен да чырдашкан видеосун бөлүштү.
Анда О. уулу Ж. аттуу жарандын кайгуул кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, ыплас сөздөрдү сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Соңунда аны Биринчи май РИИБине жеткиришкен.
Ал жактан кызматкерлердин "Ичимдик ичтиңиз беле?" деген суроосуна, "Мен ичпейм да, только чегем" деп жооп берген.
Милициянын маалыматы боюнча, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилей кетсек, кечээ ал "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, фельдшерлер менен жаңжалдашкан видео тараган.
Эскертүү: Видеодо этикага туура келбеген сөздөр бар!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

04.12.2024. 16:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну менен неге айтышып убактыңарды кетирип отурасыңар?
алып барып колун кайрып камерага тыгып салгыла да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.