Казак мушкери бокс боюнча Азия чемпиондугунда беттешпестен эле медаль утту
Коңшу казакстандык мушкер Диас Молжигитов бокс боюнча Азия чемпиондугунда беттеш өткөрбөстөн эле жарым финалга чыкты.
Мушкер Азия чемпиондугуна 75 килогорамм салмакта катышууда. Ал алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштаган. Анда япониялык Дайго Сунага аттуу мушкер менен кез келмек. Бирок япониялык мушкер беттешке чыкпай, казак мушкери жарым финалга өткөн.
Муну менен ал жок дегенде коло медалды камсыздайт. Кийинки этапта ал Украина-Түркмөнстан мушкерлеринин жеңүүчүсү менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.