super.kg logo

НАТО Түштүк Кореядагы кырдаалга комментарий берди

 

"НАТО альянстын маанилүү өнөктөшү болгон Түштүк Кореядагы кырдаалга көз салып турат" деп билдирди уюмдун баш катчысы Марк Рютте.

"Түштүк Корея биздин маанилүү өнөктөшүбүз, биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз. Бирок азыр бул ички кырдаал боюнча комментарий бербейм", - деди ал Брюсселде Түндүк Атлантика альянсынын тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталар алдында.

Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.

Ошондой эле бүгүн, 4-декабрда Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айтып бир канча жетекчилер отставкага кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: