super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров менен Олжас Бектенов жолугушту. Талкууланган маселелер

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Ынтымак Ордодо жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Ага ылайык, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын алкагында тар чөйрөдө жыйын өттү.

МинКаб башчысы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү кыргыз жана казак элдеринин көп кылымдык достугуна, жалпы маданиятка, тарыхка, тилге, руханий баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделгенин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров Казакстан менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берет. Президентибиздин үстүбүздөгү жылдын апрель айында Казакстанга жасаган расмий сапары тарыхый мүнөзгө ээ болуп, кыргыз-казак мамилелеринде жаңы доорду ачты. Быйыл кол коюлган союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча келишим кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки элдин кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык байланыштарын чыңдоого салым кошот деп ишенем", - деди ал.

Жапаров ушул жылдын январь-сентябрь айларында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 981,1 миллион долларды түзгөнүн айтып, жыл аягына чейин бул көрсөткүч былтыркыдан жогору болорун кошумчалады.

Ал эми Олжас Бектенов өз кезегинде казак тараптын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана бекемдөөгө, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтулуусун ырастады.

"Быйыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюунун натыйжасында биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Биз достуктун, бир туугандыктын жана жакшы коңшулаштыктын негизинде курулган мамилелерибизди жогору баалайбыз. Казакстандын өкмөтү казак-кыргыз кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", - деп белгиледи Бектенов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: