super.kg logo
  Саясат  

Шакиев: "Эсептөө палатасы бардык жерге мурдун тыга бергени болбойт"

 

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов кесиптик кошуундарды текшерүүгө мамлекеттик аудиторго уруксат берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев текшерүүнүн да чеги болорун эскертип, менчик мекемелердин ишине Эсептөө палатасынын киришүүгө укугу жоктугун белгиледи.

Эсептөө палатасына жеке ишканаларды текшерүү укугу берилбеши керек. Алар бюджеттик каражаттардын гана сарпталышын көзөмөлдөшү зарыл. Бардыгы мыйзам чегинде аткарылып, ашыкча текшерүүлөр болбошу шарт. Ал тургай Эсептөө палатасына убактылуу текшергиле, карап бергиле деген тапшырмаларды да берүүгө болбойт. Жеке менчик мекемелерди текшере турган башка мамлекеттик органдар бар. Эсептөө палатасы бардык жерге мурдун тыга бергени болбойт”, – деди Шакиев.






Жогорку Кеңеш 04.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: