super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапары аяктады

 

Бүгүн, 4-деабрда президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга болгон расмий сапары аяктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы 2-4-декабрда Корея Республикасындагы расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлду.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери У Вон Шик менен жолугушту. Тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле инвестиция, технология жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өлкө башчысы Ассамблеянын президенти жана жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) кеңешинин төрагасы, БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту. Анда климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелери, ошондой эле инновациялык экологиялык технологияларды киргизүү жаатында кызматташуунун перспективалары талкууланды.

Бүгүн, 4-декабрда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кореянын инвестициялык диалогуна катышып, андан соң расмий сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: