super.kg logo

Орусия-Казакстан-Кыргызстан каттамы боюнча ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды ташып саткандар кармалды (видео)

 

“Орусия-Казакстан-Кыргызстан" каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды ташуу жана сатуу менен алектенген эл аралык баңги топтору кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында "Принцесса -Дури" интернет-дүкөнү аркылуу кылмыш иштерин жүргүзгөн Кыргызстандын 9 жараны кармалган. Тинтүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 8 килограмм 700 грамм болгон 52 миллион 200 миң сомдук синтетикалык баңгизаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, туура эмес иштеген “закладчиктерди” жазалаган жарандар да кармалган.

Учурда кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайларга киргизилген.

“Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатат. "Принцесса -Дури" баңги каналын жабуу боюнча толук масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баңгизаттарга тийиштүү бардык маалыматтарды УКМКга билдирсе боло тургандыгы айтылган. Байланыш үчүн 0312) 66-04-75, (0312) 62-65-04 номерлери калтырылган.






"Принцесса -Дури" интернет-дүкөнү аркылуу кылмыш иштерин жүргүзгөн 9 жараны кармалган.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: