super.kg logo

Сузактагы балдар бакчасындагы окуядан кийин жерине психологдор барды

 
Психологдор Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы "Кенжетай-1" бала бакчасына жакындан жардам беришти. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу жерине барган. Анда колдоого муктаж тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришти.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерди бетке чаап, токмоктогону боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган. Тараган маалыматтан кийин Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы аталган факты каттоого алынганын, териштүү иштери жүрө турганын билдирсе, Билим берүү министрлиги окуяга тийиштиги бар тараптар катуу жаза аларын убадалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: