super.kg logo
  Спорт  

Бивол менен Бетербиевге реваншта канча каражат бериле тургандыгы айтылды

 

Белгилүү орусиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Бивол реванш үчүн ала турган болжолдуу акча каражаты белгилүү болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, эки мушкер тең эң аз дегенде 20 миллион доллардан алышат. Бул алардын мурунку беттешинен алган акыдан эки эсе көп.

Айта кетсек, беттеш 22-февралда биринчи беттеш уюштурулган аймакта орун алат.

Эскерте кетсек, Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосундагы биринчи беттеш 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Эр-Риядда өткөн. Анда калыстардын чечими менен Артур Бетербиев жеңишке жеткен (114-114, 115-113, 116-112).

Муну менен Бетербиев 21 беттеште жеңишке жетип, жеңилбеген мушкер бойдон калууда. Ал эми Дмитрий Бивол карьерасындагы биринчи жеңилүүгө учураган. Буга чейин ал 23 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен (12си нокаут менен).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: