super.kg logo

Орусиянын дагы бир аймагы 2025-жылдан тарта мигранттарды жумушка алууга толук тыюу салат

 

Орусиянын Краснодар облусунун губернатору Вениамин Кондратьев келерки жылдан тарта аймакта чет элдик жумушчу күчүн пайдаланууга толук тыюу киргизиле турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Эгерде курулуш тармагын айта турган болсок, азыр 50 пайызга чет элдик кадрларды тартууга болот. Калган аймактарда тыюу быйыл жыл башынан бери күчүндө. Кийинки жылдан тартып биз чет элдик жумушчу күчүн толугу менен тыябыз", - деген ал.

Ошол эле учурда Вениамин Кондратьев Кубандагы жумуш берүүчүлөрдү жогорку окуу жайларын бүтүргөн студенттерди ишканаларга жана уюмдарга жумушка тартуу менен кадр тартыштыгын толтурууга чакырды.

Чет өлкөлүк жарандарга патент менен иштөөгө тыюу салган токтомго Вениамин Кондратьев 2024-жылдын январында кол койгон. Ал 21-январда күчүнө кирип, 2024-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Чет элдик жумушчулар иштеген негизги тармактар ​​курулуш, айыл чарба жана өндүрүш болгон.

Буга чейин Орусиянын Тверь облусунда 2025-жылдан тарта чет элдик жарандарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмеси эки эседен ашык көбөйтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: