super.kg logo
  Саясат  

"Сөзсүз эркинен ажыратылат". Ташиев парламентке коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамын алып келди

 

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

Анда коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү каралууда. Мыйзам долбоору менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырууда.

Документте мыйзам актыларына төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү сунушталууда:

- жубайы же жакын туугандары коррупциялык иштер боюнча оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт;

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат;

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу;

- коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар күнөөсүн моюнга алып жана материалдык зыяндын ордун толтурса, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымына кесилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: