"Тез жардамды" өткөрбөй, милиция менен чырдашкан жаран жазага тартылды
Бишкекте "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жараткан айдоочу 4 суткага камакка алынганын Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот аны кечээ, 4-декабрда Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Эске салсак, анын "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, фельдшерлер менен жаңжалдашкан видеосу тараган. Милициянын маалыматы боюнча, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милициянын кайгуул кызматы айдоочунун МАИ кызматкерлери менен да чырдашкан видеосун бөлүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.