super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев УКМКга кимдер кызматка алынбай турганын айтып берди (видео)

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине туугандары кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар кызматка алынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте билдирди.

"УКМКнын өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык, эгерде ата-энеси, жакын туугандары, жубайы, бала-чаксы, атүгүл кайнене-кайнатасы соттолгон болсо да жумушка албайбыз. Ал тургай сотто күнөөлүү деп табылып, айып пул салынган болсо дагы албайбыз", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште коррупционерлерге жаза чараларын күчөтүү мыйзамы биринчи окууда каралууда. Анда "жубайы же жакын туугандары коррупциялык кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт" деген жобо сунушталууда.






Жогорку Кеңеш 05.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: