super.kg logo

Трамп миллиардер Жаред Айзекманды НАСАнын башчысы кылып дайындоону сунуштады

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Shift4 Payments төлөм процессинг компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Жаред Айзекмандын талапкерлигин америкалык NASA космос агенттигинин жетекчилигине көрсөттү. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагына жазды.

Трамп өзүнүн социалдык тармактагы билдирүүсүндө Айзекманды “жетишкен бизнесмен, филантроп, учкуч жана астронавт” деп атаган.

"Жареддин космоско болгон ышкысы, астронавт катары тажрыйбасы жана чалгындоо чектерин жылдырууга, ааламдын сырларын ачууга жана жаңы космос экономикасын өнүктүрүүгө берилгендиги аны НАСАны тайманбас жаңы доорго алып барууга ылайыктуу", - деп жазган Трамп.

Ал эми Айзекман НАСАны жетектөө үчүн тандалып алынганы сыймык экенин айтты.

Айрым маалымат каражаттарында Айзекман Илон Масктын жакын өнөктөшү экени жазылат. Ошондой эле АКШнын мурунку президенттери НАСАнын болочок жетекчисин мынчалык эрте тандабаганы да белгиленген. Бул Масктын Трампка тийгизген таасири менен байланышы бар экендиги айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: