Кыргызгидромет аба ырайы боюнча чукул билдирүү таратты
Өлкө аймагында 8-9-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирүү таратты.
Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы төмөндөйт:
- Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°,
- Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°,
- Тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -13…-18°,
- Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° градус болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.