Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат
Оор жүк ташуучу унаалар ашыкча жүк жүктөсө айыпка жыгылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатат. Оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса, укук бузуулар жөнүндө кодекстин 181-беренеси (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) боюнча тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынат.
Транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.