Акыйкатчы Сузактагы бала бакчада болгон окуя боюнча үн катты

Айтымында, бөбөктөрдүн билим берүү мекемелеринде мындай ырайымсыз мамилеге дуушар болуп жатканы өтө кейиштүү.
“Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзам чегинде бардык чаралар колдонулушу керек. Балдардын коопсуздугун камсыздоо жаатында кечиктирилгис чаралар көрүлүшү зарыл”, - деди Жаманбаева.
Акыйкатчы институту билдиргендей, мекеменин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү №1 “Кенжетай” бакчасында сабалган балдардан кабар алып, ата-энелери менен жолугуп келди.
Ата-энелердин үчөө балдарынын укугун коргоо өтүнүчү менен Акыйкатчыга кайрылган. Ур-токмокко кабылган бөбөктөр 2, 3 жана 4 жашта. Ата-энелеринин айтымында, үчөөнүн тең денелеринин ар жерлери көгөрүп, тытылган.
“Менин балам бул бала бакчага 2022-жылдын күз айынан тарта барат. Акыркы учурларда баламдын ар жери көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде тарбиячыларынан сурасам, балдар менен уруша кетишти деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрь күнү билдик. Учурда балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат”, - деген балдардын биринин апасы.
"Ата-энелердин биринин Акыйкатчыга жазган арызында, алардан 700 сомдон чогултулуп видео көзөмөл орнотулган. Бирок, алар сураганда мекеменин жетекчиси видео көзөмөл эч кандай жазуу жүргүзбөгөнүн айткан", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерге кол көтөргөнү боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи аталган факты каттоого алынганын, териштүү иштери жүрө турганын билдирсе, Билим берүү министрлиги окуяга тийиштиги бар тараптар катуу жаза аларын убадалаган. Окуядан кийин жерине психологдор барган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.