super.kg logo

ТЕСТ: Айтылуу "Бакайдын жайыты" тасмасы тууралуу канчалык билесиз?

 

"Бакайдын жайыты" тасмасы кыргыз кинематографиясында барандуу орду бар фильмдердин бири. Жайлоодогу жай турмушту, көчмөн жашоо, жаңы замандын шаңын камтыган тасма убагында бир катар сыйлыктарга татыган. Аталган тасма 1995-1966-жылдары тартылып, ролдорду кыргыз киносунун дөө-шаалары аткарган. Ал эми тасманы СССРдин мыкты кинооператору Кадыржан Кыдыралиев тарткан.

Тасманын кадрларын эстеп, даярдаган тест аркылуу балалык кезиңизге бир саякат кылып келиңиз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

"Бакайдын жайыты" тасмасын кайсы режиссёр тарткан?

"Бакайдын жайыты" тасмасын кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев тарткан.

Кийинки суроо


Төлөмүш Океев
Мелис Убукеев
Болот Шамшиев

Небереси алып келген сүрөттү карап жаткан Урум байбиче "чачын чолойтуп кырктырып алыптыр. Анын уят-сыйыты кайда?" деп кимге нааразы болот?

Небереси Калык шаардан алып келген сүрөттү карап отуруп, Урум байбиче келини чачын кыркып, оозун боёгонун жактырбай нааразы болот.

Кийинки суроо


кызына
келинине
абысынына

Бакайдын жайыты аталган конуштан жылкычылар эмнеге көчүп кетет?

Ал жерге жол салына турган болгондуктан Бакай карыя менен Алым конуш которот.

Кийинки суроо


сууга алыс болгондуктан
айылга жакын болуш үчүн
жол салына турганы себеп болгон

Жаңы конушка көчүп келген Алым элди эмнеге чогултат?

Алым баласына тушоо той берет.

Кийинки суроо


тушоо той үчүн
үй тойго
куран окутуу үчүн

Бакай карыя тойго көтөрүп келген белегин Алым эмнеден улам албай коёт?

Алым той берген күнү Бакай карыя жолчуларга кымыз жеткиргени кетип, тойго кечигип келет. Мындан улам Алым белекти кабылдабай коёт.

Кийинки суроо


Тойго кечигип келгенине таарынып
арзан белек алганы үчүн
атасындай болгон карыядан белек алуудан тартынат

Урум байбичеден кымыз сурап келген 25 жаштар чамасындагы жолоочулар кимдер эле?

Жолчулар болчу. Алар жол салууну долбоорлоп жүрүп, Бакай карыянын конушуна келип, кымыз ичип кетишет.

Кийинки суроо


жылкычылар
электриктер
жолчулар

"Эмдиги жылы да Кудай менин колуман даам ичирсин" деп кымыз сунган Урум эне небереси Калыкты кайда узатат?

Урум байбиче небереси Калыкты окууга узатып калат.

Кийинки суроо


кыштоого
чет өлкөгө
окууга

Калыктын ролун аткарган белгилүү актёрдун аты-жөнү ким?

Калыктын ролун өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Назирет Дубашев аткарган.

Кийинки суроо


Нургазы Сыдыгалиев
Назирет Дубашев
Чоро Думанаев

Тасмада Бакай карыя "Сен да карыдың. Оокатыңды кыл, баргың эми, жаныбарым" деп эмнеге кайрылат?

Карыя "Сен да карыдың. Эми эркинсиң, кош бол" деп бүркүтүнө кайрылып, аны бошотуп жиберет

Кийинки суроо


атына
итине
бүркүтүнө

Тасмада "Адам менен жылкы бирдей, кичине эле курсагы тойсо эле эсирип калат" деген Алым кайсы учурда ачууланат?

Алым Бакай карыя менен биргеликте тай байлап жатып эпке көнбөгөн тай ачуусуна тийген кезде айтат.

Кийинки суроо


тай байлап жатканда
суудан өтүп жатканда
ашуудан ашып баратканда

Алым жайлоодо Калыкты узатып жатып кандай белек берет?

Алым окууга кетип жаткан Калыкка саат берет

Кийинки суроо


саат
акча
дүрбү

"Бакайдын жайыты" тасмасында Бакайдын ролун кайсы белгилүү актёр аткарган?

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов аткарган.

Кийинки суроо


Асанкул Куттубаев
Муратбек Рыскулов
Бексултан Жакиев

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: