super.kg logo
  Саясат  

Шакиев президент курулушка киргизилчү 12 пайыздык кошумча нарк салыгына каршы экенин айтты

 

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан сунушталган “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Анда төрага Нурланбек Шакиев курулуш тармагына киргизилип жаткан 12 пайыздык кошумча нарк салыгына каршы чыгып, жыйындын алдында президент менен сүйлөшүп, аталган маселени талкуулаганын, өлкө башчысы да ушундай пикирде экендигин билдирди.

“Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери өлкө башчысына бул мыйзам долбоору боюнча туура маалымат жеткирбепсиздер. Президент угуп алып, абдан кабатырланды. Бул нерсе болбош керек болчу. Мен да курулуш тармагына кошумча нарк салыгынын киргизилишине каршымын. Биз ипотекалык программаларды жыргаганыбыздан ишке ашырып жаткан жокпуз. Жашоо шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген, үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыздай албай жатып, кайра курулуш тармагына салыкты көбөйткөнүбүз туура эмес. Эгер жаңы салык киргизилсе, үйлөрдүн баасы дагы жогорулап, калкка бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Демилгечилер бир пикирде болуп, такташып келсеңер болмок”, – деди Шакиев.

Ошондой эле ал демилгеленген мыйзамдан 12 пайыздык кошумча салыкка байланышкан беренени толугу менен алып салууну талап кылып, экинчи окууда долбоорду толугу менен өзгөртүү керектигин айтты.

Эскерте кетсек, кечээ парламент жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөт курулуш тармагына 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизгени жатканын айтып, аны кескин сынга алган.






Жогорку Кеңеш 05.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: