super.kg logo
  Саясат  

Коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

 

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ал боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Документте мыйзам актыларына төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү сунушталууда:

- жубайы же жакын туугандары коррупциялык иштер боюнча оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алынбайт;

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат;

- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу;

- коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар күнөөсүн моюнга алып жана материалдык зыяндын ордун толтурса, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымына кесилет.

Талкуу маалында депутаттар бир туугандары үчүн жазалоону кайра карап чыгууну сунуштады. Камчыбек Ташиев башка да күч органдарынын жетекчиликтери жана тиешелүү адистер менен кеңешип, кайра карап көрүшөрүн айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 83 депутаттын 81инин макулдугу менен биринчи окууда кабыл алынды. Каршы добуш бергендер болгон жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: