Фехтования федерациясына президент болуп шайланган Алишер Усманов кызматын бир жумага жетпей кайра тапшырды
Орусиялык ишкер, теги өзбекстандык Алишер Усманов Эл аралык фехтование федерациясынын (FIE) президенти болуудан баш тартты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ал өз арызы менен жумуш ордун тапшырган. Алишер Усманов өзүнө коюлган мыйзамсыз сакциялардын федерацияга таасирин тийгизбеши керектигин айткан.
Белгиленгендей, ишкер 30-ноябрда Ташкентте өткөн федерациянын курултайында 120 добуш алып, президент катары шайланган. Ал 2008-жылдан 2022-жылга чейин да аталган федерацияны башкарган. Кийин санкциялардан улам жумушун грециялик Эммануэль Кациадакисге убактылуу тапшыргандыгы маалыматта белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.