super.kg logo

Казакстандык соттолгон вайнерлер Мейиржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов жумушка орношту

 

Казакстандык соттолгон вайнерлер Мейиржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов жумушка орношконун казак басылмалары жазышууда.

Белгилей кетсек, алар азыр соттун өкүмү менен минималдуу коопсуздук мекемесинде жазасын өтөп жатышат. Алар иштеп жаткан учурда колониядан чыгууга укуктуу.

"Аталган соттолгон адамдар мекеменин администрациясы менен иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Алматы шаарынын чегиндеги уюмдарга ишке орношот. Минималдуу коопсуздук мекемелеринде соттолгондор жумушка чыгышат жана күнүмдүк тартиптин алкагында колония жайгашкан жерге кайтып келишет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында Туребаев менен Шерниязов Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси "Финансылык (инвестициялык) пирамиданы түзүү жана башкаруу" боюнча күнөөлүү деп табылган. Алардын ар бири беш жылга кесилген. Бул иш боюнча калган айыпталуучулар 8 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: