super.kg logo
  Саясат  

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Токаев казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин ар тараптан тереңдетүү ишинде Жапаровдун саламын белгилеп, президенттин иштерине ийгиликтерди каалаган.

"Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө, демократиялык негиздерди бекемдөөдө жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууда чоң ийгиликтерди көрсөтүү менен гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат.

Сиздин жеке аракеттериңиздин аркасында Кыргызстан инклюзивдик кызматташтыкты жана жалпы туруктуу өнүгүү жана прогресс кызыкчылыгында маанилүү демилгелерди жигердүү илгерилетүү менен өзүнүн эл аралык аброюн ырааттуу жогорулатып келет.

Көп кылымдык бузулгус достуктун, ынак коңшулук жана өз ара колдоонун духунда өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин ар тараптан тереңдетүү ишине Сиздин кошкон олуттуу салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бул жылы кол коюлган Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы Союздаш мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүгө багытталган биздин тыгыз мамилелерибиздин жаңы этабын белгиледи.

Биргелешкен аракеттердин аркасында биз эки тараптуу деңгээлде да, регионалдык кооперациянын алкагында да казак-кыргыз көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштардын горизонтторун дагы да кеңейте аларыбызга ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушул маанилүү күнү Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: