super.kg logo

Бишкекте "уюлдук телефондорду уурдаган жана тоногон" деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды

 

2013-жылдын 12-декабрында Биринчи Май районунун ИИБине "Бишкекте Абдырахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 14 жаштагы өспүрүмдү алдоо жолу менен баасы 43 420 сомдук Айфон-5 уюлдук телефонун тартып алган" деген маалымат түшкөн. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмыш ишине шектелип 24 жаштагы Султанбеков Тагир Юрьевич кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектелип кармалган жаран буга чейин 4 жолу уурдоо, тоноо, каракчылык жана алдамчылык беренелери боюнча соттолгон. Учурда ал 70-80 факт боюнча сурак берүүдө. Алардын көпчүлүгү Абдырахманов көчөсүндө жана "Айчүрөк" соода борборунун жанында катталган уюлдук телефондорду уурдоо жана тоноо боюнча кылмыш иштери болуп саналат.

Эгер сүрөттөгү шектелген жарандан жабыркасаңыз, анда 0707 97-97 00, 0559 93-31-73 номерлерине  кайрылыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.01.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
14 жаштагы баласына 43миндик телефон сатып берген ата-энеге ырас эле болуптур,чечинтип алса да болмок.
06.01.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz2000, мумкунчулугу жетсе неге алып бербесин? Баласы учун баарын жасайт ата эне.
уурдалган телефон жанындабы же бул эптеп мойнуна илип отчет жабуубу?
07.01.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Multicam,сенин да айтканын туура,бирок бул бечара дагы жоктун айынан уурдады болуш керек.Айтайын дегеним,бироо минтип нанга тыйын таппай журсо,бироо жаш баласына кымбат буюм алып бергени кимди гана ойлондурбайт.
07.01.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz2000, ууруларга боор ачыбай эле коюш керек
07.01.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1,эн туруу айтылган соз, эгерде уруулукка жол берсек ачка калган бироо деп эртенки куну залакасы дагы сага мага тиет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: